Стамбулда катуу кар жаап, Бишкектен кетчү жана келчү эки каттам токтотулду

Стамбулда мектептер жабылып, кечээ эл аралык аэропорттун иши токтотулганы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Стамбулда катуу жааган кардан улам Бишкекке келчү жана Бишкектен учуп кетчү эки каттам токтотулду.
"Манас" эл аралык аэропортунун сайтында жазылгандай, Turkish Airlines авиакомпаниясынын биринчи TK348 борту Бишкекке 02:40та конмок. Ал эми экинчи TK 346 борту 09:50дө келмек.
Аэропорттун маалымат кызматы ушул эле учактар Стамбулга саат 03:50дө жана 10:55те учмак болгонун билдирди.
Түркияга мындан башка каттамдар бүгүнкү графикте белгиленген эмес. Turkish Airlines компаниясы кырдаал боюнча комментарий берген жок.
Белгилей кетсек, Түркиянын түштүгүндө катуу кар жаап, анын калыңдыгы бир метрге жетти. Тоолуу аймакта жашаган тургундарды эвакуация кылуу үчүн тик учактар жөнөтүлүп, жеринде жүздөгөн атайын техникалар иштеп жатат.
Стамбулда мектептер жабылып, кечээ эл аралык аэропорттун иши токтотулганы айтылды.
Жергиликтүү метеорологиялык кызмат маалымдагандай, кар мындан да катуу жаап, бир нече күнгө созулат.
Адис тоңдо тайбаш үчүн автоунаанын дөңгөлөгү кандай болушу керектигин айтты