Көп жылдан бери саламаттык сактоо тармагындагы ар бир оорукана, тиш дарылоо жайы, эмканалар жана башка мекемелер өз-өзүнчө иштеп келген. Учурдун талабына ылайык, калкка медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн камсыздоо жана көрсөтүлүп жаткан медициналык жардамдын сапатын жогорулатуу үчүн оптимизациялоо жүргүзүлүп жатат. Бул тууралуу Жалалидин Рахматуллаев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, 2018-жылы жүргүзүлгөн бул багыттагы иштерге ылайык, Бишкек шаарындагы №19 Үй-бүлөлүк медицина борбору төрткө бириктирилсе, эми бул төрт борборду 10го бөлүү чечими кабыл алынган.
"Ооруканаларды оптимизациялоо өкмөттүн "Дени сак адам — өнүккөн өлкө" аттуу беш жылдык программасынын алкагында өтүүдө. Ага ылайык, бейтапканалар аймактык ооруканалар жана мамлекеттик Санэпидкөзөмөл аймактык борборлору менен бириктирилет. Демек, алдын алуу, диагностикалык, клиникалык жана дарылоо кызматтары бир жерде көрсөтүлгөндөй кылуу пландалды. Себеби ар бир медициналык мекеменин өзүнчө акча каражаттары болгон. Мисалы, баштапкы медициналык жардам көрсөтүүчү бейтапканаларга ошол жерде жашаган адамдардын санына жараша бөлүнсө, дарылоо мекемелерине бейтаптардын келип дарыланган учурларына карап берилчү. Демек, дарылоочу жайлардын каражаты бир топ көбүрөөк болуп, материалдык-техникалык базада айырмачылыктар болуп жатты. Оптимизациянын негизинде ушул маселе жоюлуп, мекеменин бир жетекчиси бардык ооруканаларга бирдей мамиле жасап, бир каржы булагынан акча бөлүнүп ооруканалардын жабдылышы бири-биринен артта калып калбагандай болот. Медициналык жайларды бириктирүү ишинин жүрүшүндө ооруканалардын административдик штаты (бухгалтерлер, кассирлер жана айдоочулар) кыскартылат. Бирок жетекчилерге бул адистерди жумушсуз калтырбай башка кызматка дайындоо тапшырмасы берилди. Ал эми дарыгерлер жетишсиз болгондуктан алардын баары иш ордунда калат", — деди Рахматуллаев.
Ал жаңылоо киргизүүдө баштапкы медициналык мекемелер бейтапканалар, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу жана ФАПтарга артыкчылык берилип, бейтапканаларда күндүзгү стационарларды ачуу пландалып жатканын кошумчалады.