Рактын эртең мененки белгилери аталды

Рак илдети өтүшүп кеткенде айыккыс дарт болуп эсептелет. Бирок учурда аны жаңы башталып келе жатканда аныктоо ыкмалары абдан көп.
Sputnik
БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Таң атпай өзүн катуу чарчагандай, алсыз сезген адамдардын ден соолугунда оңбогудай мүчүлүштүктөр болушу мүмкүн. Мисалы, ракка кабыла турган организмде дал ушундай белгилер болорун химиотерапевт Андрей Базылевго шилтеме берип РИА Новости жазды.
"Көпкө создуктурбай дарыгерге кайрылуу керек. Мындай симптомдор организмде олуттуу көйгөй бар экенинен кабар берет. Аны канчалык эрте аныктаса, ошончолук тез арылууга шарт түзүлөт", — деди Базылев.
Ошондой эле дарыгер залалдуу шишиктин түнкү белгилерин эске салды. Мисалы, уктап жаткан учурда себепсиз тердеген кишилер кандын, сөөктүн жана боордун рагына кабылышы мүмкүн.
Рак илдети өтүшүп кеткенде айыккыс дарт болуп эсептелет. Бирок учурда аны жаңы башталып келе жатканда аныктоо ыкмалары абдан көп. Залалдуу шишик канчалык эрте аныкталса, ошончолук дарылап жок кылып салуу мүмкүнчүлүгү жогору болот.
Рактын моюн, кулак, бетте пайда болгон белгилери аталды
Медиктер рактын төрт түрүнүн түнкү белгисин атады