Прокуратура бизнести коргоо кеңешин түзүп, ишкерлерди курамына кирүүгө чакырды

Курамына төрага, катчы, кеңештин мүчөлөрү жана бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү кирет.
Sputnik
БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Башкы прокуратуранын алдында ишкерлердин жана инвесторлордун укуктарын коргоо боюнча Консультативдик кеңеш түзүлүп, анын курамына кирүүнү каалаган жарандардан арыздар кабыл алынууда. Бул тууралуу башкы көзөмөл органынын маалымат кызматы билдирди.
Кеңештин максаты мамлекеттик, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жарандык коом жана бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү менен биргеликте ишкерлердин жана инвесторлордун укуктарын коргоо үчүн күч-аракеттерди уюштуруу жана бириктирүү боюнча өз ара иштешүүнүн туруктуу механизмин түптөө болуп саналат.
Курамына төрага, катчы, кеңештин мүчөлөрү жана бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү кирет.
Кеңешке кирүү үчүн төмөнкү критерийлерди эске алуу керек:
Ар кайсы тармакта иштеген, мүчөлүк төлөмдөрдү төлөгөн, ошондой эле акыркы 5 жылдан кем эмес убакытта расмий документтер жана массалык маалымат каражаттары боюнча байкоо жүргүзүүгө мүмкүн болгон ишмердүүлүк тарыхына ээ, 20дан кем эмес мүчөнү бириктирип жана эң көп көрсөткүчтөргө ээ болушу зарыл;
Кеңештин алкагында ишмердүүлүгүн жүргүзүү үчүн эксперттик потенциалга жана инфраструктурага ээ;
Өзүнүн офиси бар жана мүчөлөрүнүн мыйзамдуу укуктарын, кызыкчылыктарын илгерилетүү үчүн штатка ээ;
Юридикалык жакты түзбөстөн, бирок анын уставы, протоколу жана бизнес-ассоциациялардын маалыматтар базасына ээ болушу милдеттүү болгон, бизнес-ассоциациялардын бирлиги же альянсы болушу мүмкүн.
Бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү арыздарын 7-февралга чейин (акыркы күн) prokkorgoo@mail.ru электрондук почтасына жиберүү шарт.
Суроолор боюнча 0312 54-27-46 телефон номерине кайрылса болот.
Пресс-борбор
Кайгуул милицияда кадрлар жетишсиз. Инспекторлор канча маяна алары айтылды