Прокуратура: автобустарды каттаган бажычылар өлкөгө 170 млн. сомго зыян келтирди

Прокуратура бажыда иштегендер 2019-жылы өлкө аймагына келген автобустарды төмөндөтүлгөн тарифтер менен мыйзамсыз каттоодон өткөрүшкөнүн аныктады.
Sputnik
БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Бажы кызматкерлери өлкө аймагына келген автобустарды мыйзам бузуу менен каттап, мамлекетке 170 миллион сомдон ашык зыян келтиргени аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы кабарлады.
Прокурордук текшерүүдө бажы органдарынын кызмат адамдары транспорт каражаттарын ташыгандар менен пайда көрүү максатында байланыш түзүшкөнү аныкталган.
"Алар Евразия экономикалык биримдигинин мыйзамдарынын талаптарын бузуп, 2019-жылы өлкө аймагына келген автобустарды төмөндөтүлгөн тарифтер менен мыйзамсыз каттоодон өткөрүшкөн. Мунун айынан республиканын бюджетине 170 миллион сомдон ашуун материалдык зыян келтирилгендиги такталды", — деп жазылган маалыматта.
Аталган факт боюнча Башкы прокуратура Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси ("Коррупция") менен кылмыш ишин козгоду. Тергөө жүрүүдө.
Бажы кызматынын жетекчиси Адилет Кубанычбеков эки айга камакка алынды