БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Монополияга каршы мамлекеттик агенттик жеке менчик эки лабораторияда коронавируска ПЦР-тест алуунун баасы төмөндөтүлгөнүн билдирди.
Агенттик рыноктогу лабораториялардын баасына анализ жүргүзүп, натыйжада "Интелмед" (соода маркасы "Бонецкий") жана "Гемотест" лабораторияларында ПЦР-тесттин баасы 1 300 сомго түшүрүлгөнүн аныктады. Буга чейин аталган изилдөөлөр 1 600 сомго жасалып келгени белгиленди.
Аталган мекеме буга чейин мамлекеттик лабораторияларда ПЦР-тест арзандатылганын эске салды.
Ага ылайык, төмөнкүдөй баа коюлган:
Мамлекеттик Санэпидкөзөмөл жана ооруларды алдын алуу департаментинде — 788 сом (мурда 1 574 сом болчу);
Ош райондор аралык санэпидкөзөмөл жана ооруларды алдын алуу борборунда — 927 сом (мурда 1 574 сом болчу);
Бишкек шаардык Санэпидкөзөмөл борборунда — 896 сом (мурда 1 326 сом болчу).