Өзбекстан менен Казакстандын дагы бир катар аймактарында жарык өчтү

Бүгүн саат 11:00дөн кийин өлкөнүн бир нече аймагында электр энергиясы өчүп калган.
Sputnik
БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Кыргызстанды улай эле Казакстан менен Өзбекстандын дагы бир катар аймактарында электр энергиясы өчүрүлгөнү кабарланды.
Sputnik Казакстан агенттиги Алматы облусунда масштабдуу түрдө жарык өчкөнүн жазды.
Ал эми Sputnik Өзбекстан агенттиги Ташкент, Гулистан, Карши, Самарканд, Бухара, Кокон, Чирчике шаарларында электр энергиясы үзгүлтүккө учураганын билдирди.
Белгилей кетсек, бүгүн саат 11:00дөн кийин Кыргызстандын бир нече аймагында электр энергиясы өчүп калган.
Бишкектин бир бөлүгү жарыксыз калды
Өзбекстан газ берүүнү токтоторун билдирди. Ошто керектөөгө чектөө кирип жатат