"Ош-Тазалык" жаңы 12 техникалуу болду. Сүрөт

Ишкананын материалдык-техникалык базасы чыңдалып, мекемеге караштуу объектилер да капиталдык оңдоодон өткөнүн айтышты.
Sputnik
БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. "Ош-Тазалык" ишканасынын автогаражы жаңы автоунаалар менен толукталып, бүгүн таштанды тазалоочу атайын 12 техника пайдаланууга берилди. Бул тууралуу ишкананын маалымат кызматы кабарлады.
Иш-чарага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, анын ичинде калаа мэри Алмаз Мамбетов, ошондой эле Европа биримдигинин (ЕБ) өлкөдөгү элчиси Эдуард Ауэр жана Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкынын Кыргызстандагы аймактык директору Айтен Рустамова катышты.
1 / 5

"Ош-Тазалык" ишканасынын автогаражы жаңы автоунаалар менен толукталып, бүгүн кар тазалоочу атайын 12 техника пайдаланууга берилди

2 / 5

Иш-чарага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, анын ичинде калаа мэри Алмаз Мамбетов

3 / 5

Ошондой эле Европа биримдигинин (ЕБ) өлкөдөгү элчиси Эдуард Ауэр жана Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкынын Кыргызстандагы аймактык директору Айтен Рустамова катышты

4 / 5

Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы, Европа инвестициялык банкы, ЕБ тарабынан каржыланган долбоордун алкагында "Ош-Тазалык" ишканасынын материалдык-техникалык базасы чыңдалып жатканы белгиленди

5 / 5

Аны менен бирге кызматкерлердин иш бөлмөлөрү, ашкана, автоунаа жуучу жана оңдоочу жайлары да капиталдык оңдоодон өткөрүлгөн

Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы, Европа инвестициялык банкы, ЕБ тарабынан каржыланган долбоордун алкагында "Ош-Тазалык" ишканасынын материалдык-техникалык базасы чыңдалып жатканы белгиленди.
Аны менен бирге кызматкерлердин иш бөлмөлөрү, ашкана, автоунаа жуучу жана оңдоочу жайлары да капиталдык оңдоодон өткөрүлгөн.
Жаңы келген техникалар эртеңден тарта жумушка чыгып, шаарды тазалоого киришет.
"Тазалыкка" көчө шыпыргыч үч машина берилди. Сүрөт
Быйыл "Ош-Тазалыктын" кызматкерлеринин айлыгы 50%га көбөйөт