"Омикрон" менен көбүнчө балдар ооруйт. Роспотребнадзор эскертүү берди

Адис коронавирустун "омикрон" штаммы тез тараарын айтып, балдар да бул дарт менен бат ооруй турганын белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. "Омикрон" штаммы пайда болгондон бери балдар арасында коронавирус жуктургандардын саны 10-11 пайыздан 15 пайызга өскөн. Бул тууралуу Роспотребнадзордун Эпидемиология боюнча борбордук илимий институтунун директорунун орун басары Александр Горелов билдиргенин РИА Новости жазды.
"Балдар коронавирустун бардык түрү менен ооруп чыкты. Эпидемиологиялык процесс учурунда жуктуруу жыштыгы 10-11 пайыз болсо, "омикрон" штаммы чыкканда бул көрсөткүч 15 пайызга өскөн", — деген ал.
Адис балдар арасында коронавирус жуктурган учурдун көп катталышы "омикрон" бардык курактагы адамдарга тез жугарынан кабар берерин белгилеген.
Баланын "омикрон" жуктуруп алганынын 7 белгиси тизмектелди
"Омикрон" жуктурган бала өзгөрүп кетет. Дарыгер алгачкы белгисин атады