Радио

Оморов: олимпиада тапшырмаларын өлкөдөгү эң мыкты мугалимдер иштеп чыгат

Билим берүү жана илим министрлигинин билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун инструменттерди иштеп чыгуу боюнча адиси Азамат Оморов окуучулар арасындагы олимпиадалардын тапшырмаларын даярдоо процесси тууралуу айтып берди.
Sputnik
Окуучулар арасындагы олимпиадалардын суроолорун, тапшырмаларын республикадагы эң мыкты мугалимдер иштеп чыгат. Бул тууралуу Азамат Оморов Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, педагогдор суроону кызыктуу жана андан окуучулар бир нерсе үйрөнүп калгандай түзүшү зарыл.
"Биздин борбор жалпы республикалык тестти өткөрүп келебиз. Төрт жылдан бери окуучулар арасындагы олимпиаданы уюштуруудабыз. Негизги максат — кызыктуу тапшырмаларды даярдап берүү. Ал үчүн республикадагы мыкты мугалимдер менен иштешебиз. Суроолорду түзүү, иштеп чыгуу үчүн педагогдорго тапшырма берилет. Анткени суроолорду окуучулар окуп эле тим болбостон, андан бир нерсе үйрөнүп калгандай болушу зарыл. Олимпиаданын жыйынтыгы атайын стендге илинет. Бул окуучулар тарабынан калыстардын ишин, өзүлөрү кайсы жерден ката кетиргенин талдоого мүмкүндүк берет. Муну калыстыкты, акыйкаттыкты ачык көрсөтүүнүн бир жолу катары баалоого болот. Натыйжада текшерген педагог дагы жоопкерчиликти сезип, баары ачык болорун сезиши шарт. Окуучуларга кайсы бир предметтен тапшырма берилсе, анын чечилишинин бир канча варианты да берилет. Ошондо калыстык боюнча маселе жаралбашы шарт. Окуучулардын мугалимдери дагы олимпиадалардагы суроолорду көрүп, кийинки өтө турган сабактарына багыт алат", — деди Оморов.
Ошондой эле ал окуучулар үчүн бериле турган суроолордун сапатын жакшыртуу үчүн тынымсыз изденүүлөр жүрө турганын кошумчалады.