Радио

Мадиев: Кыргызстандын тоолорун 380дей ак илбирс байырлайт

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин биологиялык ресурстарды коргоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Адис Мадиев Кыргызстандын тоолорунда 386 ак илбирс катталганын айтты.
Sputnik
Жыл сайын министрлик тарабынан чыккан буйруктун негизинде егерлер, Илимдер академиясынын адистери, бейөкмөт уюмдардын мүчөлөрү менен октябрь-декабрь айларында тоолордо байкоо жүргүзүлүп турат. Бул тууралуу Адис Мадиев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, республиканын бардык облусунда ак илбирс байырлап, түштүк аймакта саны көбөйүп жатканы байкалууда.
"Ар жылда өкмөт тарабынан чыккан буйруктун негизинде егерлер, Илимдер академиясынын адистери, бейөкмөт уюмдардын мүчөлөрү менен октябрь-декабрь айларында тоолордо байкоо жүргүзүлүп, жаныбарлардын саны аныкталат. 2020-жылдагы маалыматтар боюнча республика аймагында байырлаган барстардын саны 386ны түзгөн. Учурда өткөн жылга карата так маалыматтар чыга элек, бирок саны ошол бойдон сакталды деп эсептеп жатабыз. Түштүк регионунда Кызыл китепке кирген бул жаныбардын санынын өсүп жатканы байкалууда. Ак илбирс Кыргызстандын бардык облусунда байырлайт", — деди Мадиев.
Ошондой эле адис барстардын саны Ысык-Көл облусунун тоолорунда көп катталып, алардын саны 183тү түзөрүн кошумчалады.