Марипов Сауд Аравияга элчи болуп, Жусупбек Шарипов Украинадан кетти

Мариповдун талапкерлиги Жогорку Кеңештин комитетинде каралып, бир добуштан колдоо тапкан.
Sputnik
БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Улукбек Марипов Сауд Аравия Королдугундагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Кечээ Мариповдун талапкерлиги Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинде каралып, бир добуштан колдоо тапкан. Комитеттин төрагасы Жанар Акаев Сауд Аравияга эки жылдан бери элчи дайындала электигин белгилеген.
Өлкө башчынын дагы бир буйругу менен Жусупбек Шарипов мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу Украинадагы, ишти айкалыштыруу боюнча Молдова, Болгария жана Румыниядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси кызматынан бошотулду.
Кечээ парламенттин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети Идрис Кадыркуловдун талапкерлигин Кыргызстандын Украинадагы элчиси кызматына жактырбай койгон.
Швейцария 22 млн. доллар бөлүүгө даяр. Жапаров бир катар элчини кабыл алды