Өткөн суткада 412 кишиден коронавирус табылып, үч бейтап көз жумду

Ооруканада дарыланып жаткандардын ичинен 416 бейтаптын абалы оор болсо, 62 адамдын абалы өтө оор деп бааланды.
Sputnik
БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Бир сутка ичинде Кыргызстанда 412 адамдан коронавирус аныкталып, 511 бейтап айыкты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Жуктургандар:
Бишкек шаары – 242;
Ош шаары – 2;
Чүй облусу – 91;
Ош облусу – 9;
Талас облусу – 5;
Нарын облусу – 2;
Ысык-Көл облусу – 12;
Жалал-Абад облусу – 37;
Баткен облусу – 12.
Ушуну менен өлкөдө илдет илештиргендердин жалпы саны 196 232ге жетти. Анын ичинен 184 028 адам дартты жеңген.
"Тилекке каршы, кечээтен бери оору үч адамдын өмүрүн алган. Анын экөө Бишкек шаарында катталса, бирөө Чүй облусунан", — деп билдиришти штабдан.
Бүгүнкү күндө республика боюнча 1 139 бейтап стационардык дарыланууда болсо, 6 709 адам медициналык жардамды үйлөрүнөн алууда. Ооруканадагылардын ичинен 62 бейтаптын абалы өтө оор.
ДССУ: 2022-жылы COVID пандемиясы токтошу мүмкүн
Баланын "омикрон" жуктуруп алганынын 7 белгиси тизмектелди