Кант шаарында кафе өрттөндү. Видео

Кырсыктын эмнеден чыкканы такталып жатат, каза болгондор жана жабыркагандар жок.
Sputnik
БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Кант шаарындагы Ленин көчөсүндө жайгашкан кафе өрттөндү. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Кафенин күйүп жаткан учурунун видеосу "Короче" Telegram каналына жарыяланды.
Кырсык болгон жерге 25-январь күнү эртең менен саат 07:34 жана 07:38де ӨКМдин эки өрт өчүрүүчү бригадасы келип, тилсиз жоо саат 08:24тө чектөөгө алынып, саат 09:30да толугу менен өчүрүлгөн. Жалпысынан 175 чарчы метр аянтты жалын каптаган. Кырсыктын эмнеден чыкканы такталып жатканы айтылды. Каза болгондор жана жабыркагандар жок.
ӨКМ: Бишкекте түн ортосунда эки автоунаа өрттөндү. Видео