Кыргызстанда гитара ойногон окуучулар арасында сынак өтөт. Шарты

Баш байге алган окуучунун мугалимдери диплом, грамота жана акчалай сыйлык менен сыйланары кошумчаланды.
Sputnik
БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Кыргызстанда музыка жана искусство мектептеринин гитара классында окуган окуучулар арасында республикалык сынак өтөт. Бул тууралуу Маданият министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, сынак Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, кыргыздын тунгуч гитарачыларынын бири, музыка таануучу жана профессор Даниял Назарматовдун 80 жылдыгына карата уюштурулуп жатат.
"Иш-чара балдар арасында таланттуу окуучуларды табуу, гитарада ойноонун техникалык ыкмаларын жогорулатуу, таланттуу жаш аткаруучуларды эл аралык конкурстарга алып чыгуу максатында өтмөкчү", — деп айтылат маалыматта.
Сынакка өлкөдөгү музыка жана искусство мектептеринин окуучулары, жеке менчик мектеп, атайын орто жана жогорку окуу жайлардын студенттери катыша алат.
"Кароо-сынак үч тур менен өтөт. Биринчи турда катышуучулардын саны чектелбейт. 1-2-3-орунду алгандар II турга катышууга мүмкүнчүлүк алат. II тур облустардын борборлорунда, ал эми III тур Бишкек шаарында 4-февралда болот", — деп жазылат маалыматта.
Баш байгени алган окуучунун мугалимдери диплом, грамота жана акчалай сыйлык менен сыйланары кошумчаланды.
Радио
Рысбаев: биз эле эмес дүйнө эли өзөккө кайтып жатат