БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Кыргызстан авариялык кырдаалдан улам Борбор Азия энергетикалык шакекчесинен чыгып, ички ресурстарга кошуу менен электр энергиясын калыбына келтирди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров маалымат жыйында билдирди.
Анын айтымында, Өзбекстан менен Казакстан да ички шакекчелерин колдонууга өткөн.
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров маалымат жыйында
© Пресс-служба правительства / Алишер Алиев
"Биз дагы ички мүмкүнчүлүктөрүбүз менен энергетиканы иштетип жатабыз. Негизи ички шакекчелер аркылуу деле такай камсыз кыла алабыз. Электр энергиябыздын үчтөн эки бөлүгү түштүк аймакта. Ал тараптан Өзбекстанга, түндүк жактан Казакстанга жакыныраакпыз. Өзбекстан Казакстанга жакыныраак. Мындан улам биз Өзбекстанга, алар Казакстанга берип, Казакстан кайра биздин түндүк региондорго электр тогун жеткирип турат. Шакекче ушундай система менен иштейт. "Эгер мындай болбосо, ички шакекчебиз менен камсыздай алабызбы?" деген суроого бүгүн жооп бердик", — деди Жапаров.
Өкмөт башчы эгер электр энергиясынын жоготууларын азайтабыз десек шакекчени колдонуу оң экенин, ал үч өлкөгө тең ыңгайлуу жана пайдалуу болорун белгиледи.
"Азыр авариянын кесепеттери билингенден кийин кайра эле Борбор Азия шакекчеси менен иштей башташат. Буга эч ким тыюу салган жок. Азыр инженердик коопсуздук боюнча эле ар бир өлкө өз-өзүнчө иштөөгө өттү", — деди Жапаров.
Белгилей кетсек, бүгүн саат 11:00дөн кийин Кыргызстандын бир нече аймагында электр энергиясы өчкөн. Көп өтпөй Өзбекстан менен Казакстандын дагы бир катар аймактары электр кубатысыз калганы айтылды.