Бишкектеги жаңы конуштардын жашоочуларына миңдей техпаспорт тапшырылды

Былтыр декабрдан тарта жаңы конуштардагы жер тилкелеринин документтерин мыйзамга шайкеш келтирүү максатында мобилдик топтор иштей баштаган.
Sputnik
БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Бишкек шаарындагы жаңы конуштун жашоочуларына 25-январга карата 999 техникалык паспорт берилди. Бул тууралуу мэрия "Кадастр" мамлекеттик ишканасынын маалыматына таянып кабарлады.
Билдирмеге ылайык, Жер-Ынтымак конушунан 1 070 билдирүү түшүп, 1 012 техникалык паспорт даярдалган. Мындан сырткары, 10 арызды кабыл алуудан баш тартышкан.
Ошондой эле Ала-Тоо, Дордой, Арча-Бешик, Керамическая, Төкөлдөш, Ак-Ордо, 2-Черепки, Кара-Жыгач, Тынчтык, Учкун конуштарынан былтыр 13-декабрдан тарта 1 384 билдирүү түшкөн. Быйыл 11-январдан бери Дордой-2 конушунун жашоочуларынан 419 арыз келип, иш жүрүп жатканы айтылды. Мындан тышкары, 17-январдан тарта Ак-Тилек конушунан 186, Ак-Босого конушунан 127 арыз түшкөн.
7-декабрдан бери жаңы конуштардагы жер тилкелеринин документтерин мыйзамга шайкеш келтирүү максатында мобилдик топтор иштей баштаган. Көчмө топтор техникалык паспортторду даярдоого жардам берет. Ал үчүн өзү билемдик менен турак жай курулган жер тилкелерине изилдөө жүргүзүшөт. Ошондой эле шаардыктар Мамлекеттик каттоо кызматына түз байланышып, техникалык паспорт даярдоо үчүн арыз бере алат.
Техникалык паспортту даярдоо жерди мыйзамдаштырууга укук бербейт, ал кыймылсыз мүлк тууралуу техникалык маалыматтарды гана камтыйт. Бул документ жер тилкелерин мыйзамдаштыруу боюнча көйгөйлөрдү чечүүнүн алгачкы этаптарынын бири болуп саналат.
Кыймылсыз мүлктү изилдөө боюнча кайрылуу үчүн төмөндөгү документтер керектелет:
адамдын ким экенин тастыктоочу документ (ID-карта, түп нускасы жана көчүрмөсү);
кварталдык комитеттин төрагасы тарабынан күбөлөндүрүлгөн чектеш кошуналардан алынган тил каттар;
кварталдык комитеттин төрагасы тарабынан же жергиликтүү аймактык башкармалыктын (МТУ) төрагасы тарабынан күбөлөндүрүлгөн жашагандыгы жана үй-бүлөнүн сандык курамы жөнүндө маалым кат.
Бишкектин четиндеги 18 гектар айдоо жер соцмекемелерди курууга берилди