Жарыктын өчүшү: Бишкек — Исламабад багытында жүргүнчүлөрдү каттоо токтотулду

Первая партия вакцины Спутник V доставлена в Кыргызстан
Бишкек — Исламабад каттамынан башка багыттар боюнча азырынча учуулар жок.
Sputnik
БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Бишкекте жарык өчкөнүнө байланыштуу Бишкек — Исламабад багыты боюнча жүргүнчүлөрдү каттоо токтотулду. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине "Манас" эл аралык аэропортунун маалымат катчысы Алия Курбанова билдирди.
Анын айтымында, Бишкектен Исламабадга барчуларды каттоо алдында электр жарыгы өчүрүлгөн. Башка багыттар боюнча азырынча учуулар жок.
Белгилей кетсек, бүгүн саат 11:00дөн кийин Кыргызстандын бир нече аймагында электр энергиясы өчүп калган. Көп өтпөй Өзбекстан менен Казакстанда дагы массалык түрдө жарык өчкөнү айтылды.
Электр энергиясы менен камсыздоо көйгөйлөрү. Архив
Борбор Азия боюнча жарык өчтү. Кыргызстан кырдаалды качан жөнгө салары айтылды
Суу краны. Архив
Бишкекте жарыктын артынан суу да өчтү