БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Саламаттык сактоо министрлигинде кеңешме өткөрүп, кээ бир ооруканаларды кыдырды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, кеңешменин жүрүшүндө өлкөдөгү эпидемиологиялык абал жана коронавирустун күчөп кетүү ыктымалдыгына даярдык көрүү маселеси талкууланган.
"Кеңешмеде министрликтеги кадрдык маселелер, медицина кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу, медиктердин штаттык расписаниесин оптималдаштыруу, саламаттык сактоо тутумун санариптештирүү маселеси талкууланды", — деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары, министрлер кабинетинин төрагасы Республикалык клиникалык жугуштуу илдеттер ооруканасына, Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна, Медициналык тез жардамдын шаардык балдар клиникалык ооруканасына барган. Ал бейтаптарды дарылоо жана дарылануу шарттары менен таанышып, ооруканалардагы актуалдуу маселелерди чечүү боюнча бир катар тапшырмаларды берген.