Борбор Азия боюнча жарык өчтү. Кыргызстан кырдаалды качан жөнгө салары айтылды

Электр жарыгы Борбор Азия боюнча өчкөн.
Sputnik
БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Энергетика министрлигинин маалымат катчысы Жийде Зоотбекова Кыргызстанда электр жарыгы 30 мүнөттүн ичинде күйөрүн маалымдады.
Анын айтымында, электр жарыгы Борбор Азия боюнча өчкөн.

"Кыргызстан Энергошакекчеден чыгып, 30 мүнөттүн ичинде өзүбүз жарыкты калыбына келтиребиз", — деди Зоотбекова.

Белгилей кетсек, бүгүн саат 11:00дөн кийин Кыргызстандын бир нече аймагында электр энергиясы өчүп калган. Көп өтпөй Өзбекстан менен Казакстандын дагы бир катар аймактарында жарык өчкөнү айтылды.
Бишкекте жарыктын артынан суу да өчтү
Өзбекстан менен Казакстандын дагы бир катар аймактарында жарык өчтү