Депутаттар Улукбек Мариповдун Сауд Аравияга элчи болушун колдоду

Сауд Аравияга эки жылдан бери элчи дайындала элек болчу.
Sputnik
БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Парламент Улукбек Мариповдун талапкерлигин Кыргызстандын Сауд Аравиядагы толук ыйгарым укуктуу элчилиги кызматына жактырды.
Анын талапкерлиги Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинде каралып, бир добуштан колдоо тапты. Комитеттин төрагасы Жанар Акаев Сауд Аравияга эки жылдан бери элчи дайындала электигин белгиледи.
Соңунда Марипов депутаттардын сунуштарын эске алып, мамлекетти, элди уят кылбай иштеп берүүнү убадалады.
Эми ал президент тарабынан дайындоо жарлыгы чыккандан кийин элчилик кызматка расмий түрдө киришет.
Улукбек Марипов 2021-жылдын февралынан октябрь айына чейин кыргыз өкмөтүн жетектеп кеткен.
Парламент Идрис Кадыркуловдун талапкерлигин элчи кызматына жактырбай койду