Экс-премьер Улукбек Марипов Сауд Аравияга элчилик кызматка даярдалууда

Марипов 2021-жылдын февралынан октябрь айына чейин кыргыз өкмөтүн жетектеп кеткен.
Sputnik
БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Мурдагы премьер-министр Улукбек Марипов Кыргызстандын Сауд Аравиядагы элчиси болушу күтүлүүдө. Бул туурасында Жогорку Кеңештеги ишенимдүү маалымат булактар билдирди.
Мариповду аталган кызматка дайындоо маселеси бүгүн, 24-январда, парламенттин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитетинде каралат.
Улукбек Марипов 2021-жылдын февралынан октябрь айына чейин кыргыз өкмөтүн жетектеп кеткен.
Венгрияда жаңы ачылган элчиликти Талантбек Кушчубеков жетектемей болду