БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. UFC уюмунун эң жеңил салмактагы чемпиону Дейвисон Фигейреду кыргызстандык спарринг-өнөктөшү Рыскулбек Ибраимовго чемпиондук беттешке даярдык көрүүдө жардамы үчүн ыраазычылык билдирди.
Бразилиялык мушкердин жалпы Кыргызстанга салам айткан видеосун Ибраимов өзүнүн Instagram баракчасына чыгарды.
Видеодо Фигейреду менен Рыскулбек жанаша отурганын көрүүгө болот. UFC чемпионунан сырткары анын командалашы да кыргызстандык спортчуга алкоо сөз айтып, келечекте аталган лиганын мушкери болушун каалаган.
Эске салсак, 23-январда АКШнын Калифорния штатында өткөн UFC 270 турниринде бразилиялык Дейвисон Фигейреду уюмдун эң жеңил салмактагы чемпиону мексикалык Брендон Маренону калыстардын чечими менен жеңип алды.