Тайгак жолдо кантип туура токтош керек. Адистин кеңеши

Адистин айтымында, колдон келсе кышкысын болушунча жай токтоого аракет кылуу зарыл. Бул үчүн бир топ аралыктан тарта ылдамдыкты акырындык менен жайлатуу шарт.
Sputnik
БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Жол тайгак болуп жатканда машинаны кантип туура токтотуу керек экенин "Прайм" агенттигине автоунаа боюнча адис Егор Васильев айтып берди.
Анын пикиринде, жер тоңуп турганда токтоонун эки варианты бар.
"Биринчиси, жылгаяк жолдо автоунааны чукул токтотуу. Мындай кырдаалга кабылганда бутту тормоздон алып газды катуу тебүү керек. Бул АБС-системасы дароо иштеп кетишине жардам берет дагы машина тайбай барып токтоп калат", — деди адис.
Экинчи жолу — автоунааны жай токтотуу. Васильевдин айтымында, колдон келсе кышкысын болушунча жай токтоого аракет кылуу керек. Бул үчүн бир топ аралыктан тарта ылдамдыкты акырындык менен жайлатуу зарыл.
Адис тоңдо тайбаш үчүн автоунаанын дөңгөлөгү кандай болушу керектигин айтты