Шейшембиге карата аба ырайы

25-январга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот.
Sputnik
БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Шейшембиде республика боюнча күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй жергесинде 0...+5, Таласта 0...+2, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +2...+7, Ысык-Көлдө -1...+4 жылуу, ал эми Нарын өрөөнүндө -6...-11 градус суук болот.
Күндүн табы Ош шаарында +4...+6, борбор калаада +1...+3 градуска чейин көтөрүлөт.
Оттон секирген аттар, эки бутту бир кончко батырган COVID. Аптанын 15 ирмеми
Өзбекстан газ берүүнү токтоторун билдирди. Ошто керектөөгө чектөө кирип жатат