Садыр Жапаров аралыктан иштөөгө өттү. Кытайдагы Олимпиаданын ачылышына катышат

Садыр Жапаровдун Кытайга иш сапары 3-5-февралга белгиленди. Ал Олимпиада оюндарынын ачылышынан сырткары Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен жолугат.
Sputnik
БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Садыр Жапаров Кытайга боло турган иш сапарына байланыштуу аралыктан иштөө режимине өттү. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришти.
Ал 3-5-февралга белгиленген иш сапарынын алкагында Пекин шаарында 2022-жылкы кышкы Олимпиада оюндарынын ачылыш аземине катышат. Ошондой эле Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушары айтылды.
Мамлекет башчысы аралыктан иштөө режимине карабай толук кандуу график боюнча иштөөсүн улантат.
Эске салсак, бул жолку кышкы Олимпиадага Кыргызстандын атынан бир гана спортчу катышат. Ал лыжачы Максим Гордеев.
Садыр Жапаров Бишкектеги соода борборду кыдырып жүргөн видео тарады