БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Түнкүсүн тердөө лейкемия, лимфома, сөөк рагы жана коркунучтуу боор шишиктеринин баштапкы стадиясынан кабар бериши мүмкүн. Бул тууралуу Express америкалык Healthline медициналык порталына шилтеме берип жазды.
Маалыматта ашыкча тердөө дайыма эле рактан кабар берет деп айтуу туура эмес экени белгиленген. Ошол эле учурда рак менен ооруган бейтаптар эмне себептен түнкүсүн көп тердей турганына так түшүндүрмө дагы жок. Божомол боюнча, дарылоого, химиотерапияга реакция же гормоналдык өзгөрүүлөр себеп болушу мүмкүн. Бейтаптардан, мындан тышкары, чыйрыгуу жана пульсунун тездеши байкалган.