БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Жакынкы жылдарда дүйнөдө миопия эпидемиясы башталышы мүмкүн. Бул тууралуу Лондон университеттик колледжинин адистеринин иликтөөсүнө таянып РИА Новости жазды.
Мындай бүтүмгө келүү үчүн UK Biobank Eye жана Vision Consortium окумуштуулар тобунун адистери 100 миңден ашык британиялыктын офтальмологиялык маалыматтарын текшерип көрүшкөн.
Авторлордун пикиринде 1960-жылдан кийин туулган адамдардын арасында көзү жакшы көрбөй калгандар андан мурда туулгандарга караганда көбүрөөк болуп чыккан.
Окумуштуулар муну бир нече фактор менен байланыштырды. Буга бала кезден туура эмес тамактануу, тукум куучулук, жашоо образы кирет. Бирок басымдуу бөлүгү иште жана андан тышкары деле экрандан көзүн албагандыгы үчүн көрүүсү бузулган деген бүтүм чыкты.
"Акыркы он жылдыкта алысты жакшы көрбөй калуу 1939-1944-жылы туулгандар арасында 20 пайызга гана өскөн. Ал эми 1965-1970-жылдары туулгандар арасында бул көрсөткүч 30 пайызга чукулдады", — деп айтылат билдирүүдө.
Адистер бул оору ушундай тездик менен өсүп кете берсе жакында эпидемияга айланышы мүмкүн экенин айтууда.
Миопия – учурда эң кеңири тараган көз оорусу. Мында адам алысты жакшы көрө албай калат.