БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Юстиция министрлиги 1991-жылы кабыл алынган "21-март - Ноорузду элдик майрам катары бекитүү жөнүндө" мыйзам эмнеге күчүн жоготкондугун түшүндүрүп берди.
Аталган министрлик мыйзамдар инвентаризацияланып, жыйынтыгында 138 негизги мыйзамды жокко чыгаруу боюнча мыйзам долбоорун Жогорку Кеңешке сунуштаган.
1. Иштеп жаткан мыйзамга кирген өзгөртүүлөр (кошумчалоо, түзөтүүлөр) өз алдынча мыйзам менен киргизилет да, "мыйзамга өзгөртүүлөрдү, түзөтүүлөрдү киргизүү" деп аталат. Документ өзүнүн күчүн жоготкон мындай учурда өзгөртүүгө учурагандарынын бардыгын алыш керек. Ал арада негизги мыйзамдарга киргендер жок кылынып, ал эми түзөтүүлөр кала берген учурлар кездешип калат. Мындан улам министрлик аларды инвентаризациялап, негизги мыйзамдарга өзгөртүү, түзөтүү катары киргизилгендерди таап чыкты.
2. Башка тармактын мыйзамдары менен жөнгө салынып, иштеп калгандар.
Мисалы, Нооруз – элдик майрам күнүн белгилөө жөнүндө мыйзам Кыргыз Республикасынын токтому менен 1991-жылдын 5-февралында кабыл алынган. Мыйзам менен бекитилгендиктен, 21-март – Нооруз майрамы болуп эсептелет. Аны менен катар эле Эмгек кодексинин 113-беренесине ылайык, иш эмес күн катары төмөнкү майрамдар да бекитилген:
1-январь – Жаңы жыл;
23-февраль – Мекенди коргоочулар күнү;
8-март – Аялдардын эл аралык күнү;
21-март – Нооруз элдик майрамы;
7-апрель – Элдик апрель революциясы күнү;
1-май – Эмгек майрамы;
5-май – Конституция күнү;
9-май – Жеңиш күнү;
31-август – Кыргызстандын Көз карандысыздык күнү;
7-8-ноябрь – Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү.
Тагыраагы, бул маселе жөнгө салынып, Эмгек кодекске киргизилген. Мыйзамдардын иерархиясы боюнча да Кодекс мыйзамдан жогору турат. Министрликтен бул мыйзам учурда Эмгек кодексине берене болуп киргизилип, аны кайталаган мыйзам болуп жаткандыгын билдирди.