Global Times билдиргендей, механикалык топоздун бою адамдан эки эсе жогору. Темир жаныбар 160 килограммга чейинки жүктү көтөрүп, саатына 10 чакырымга чейин жүрө алат. Атайын модуль, сенсорлор менен жабдылгандыктан барган жерин изилдеп, так маалыматтарды жыйноого жөндөмдүү. Андан сырткары, өз алдында татаал согуштук тапшырмаларды аткарып, чуркап, секирип, түз жана тапшырмада айтылгандай капталдап, туурасынан баса алат.
Механикалык топозду адистер сыноодон өткөрүп, учурдун видеосун InShort YouTube каналына жүктөгөн. Анын авторлору темир жандык адам ар дайым эле жасай албаган, маселен, аскаларда жүрүп, чытырман токойлорду, музду аралап өтүү сыяктуу иштерди аткара алышы мүмкүндүгүн айтышты.