Ички туризми өнүккөн аймактын сырткы туризми да жакшыра баштайт. Бул саясатты алдыңкы өлкөлөр пайдаланып келет. Мындай пикирин Күлчоро Кадыралиев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, аймактарга туристтик өзгөчөлүгүнө жараша макам берүү — ички туризмди өнүктүрүү үчүн абдан натыйжалуу ыкма.
"Өнүккөн мамлекеттердин фондулары (USAID, JayZet, JICA, Helvetas) дүйнөнү өнүктүрүү миссиясында иштеп келет. Алардын ар биринин туризмди өнүктүрүү багытындагы долбоорлору бар. 1991-жылдан баштап Кыргызстанга чоң суммадагы каражаттар келип жатат. Бирок ал акчалар натыйжалуу, туура пайдаланылбайт. Менин оюмча, бул жаатта сырттагы серепчилер менен иштешсек абдан жакшы болмок. Биздин мамлекеттин карамагында совет мезгилинен калган даяр объектилер абдан көп. Алсак, Ысык-Көлдөгү "Көгүлтүр Ысык-Көл", "Витязь", Аламүдүн капчыгайындагы "Тёплые Ключи", Жалал-Абаддагы курорттор жана башкалар. Бизге келген каражаттарга мына ошол эс алуу жайларын оптимизациялап, инфраструктураны (жол, ажаткана) жакшыртып, андан түшкөн акчага жаңы объектилерди (этноборбор, этнопарк) курсак болот. Себеби Кыргызстандын өзгөчөлүгүн, улуттук баалуулуктарын көрсөткөн жайлар саналуу эле", — деди Кадыралиев.
Серепчи Кыргызстандагы үч революция болбосо кыргыз туризминин деңгээли азыркыдан кыйла эле жакшырып калмактыгын кошумчалады.