Май айында Кыргызстандын демилгеси менен Евразия экономикалык форуму өтөт

Иш-чара ЕАЭБ өлкөлөрүнүн экономикалык кызматташуусун өнүктүрүүгө багытталган.
Sputnik
БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Быйыл Кыргызстандын сунушу боюнча Евразия экономикалык форуму өтөт. Бул тууралуу ЕЭК билдирди.
Иш-чара 27-майда Бишкекте өтө турган Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жыйынына карата уюштурулмакчы. Анын максаты уюмга мүчө-өлкөлөрдүн экономикалык кызматташуусун өнүктүрүү жана чарба субъектилери ортосундагы кооперациялык байланыштарды түзүү болуп саналат.
Белгилей кетсек, ЕАЭБ органдарына төрагалык кылуу милдети быйыл Кыргызстанга өткөн.
Кыргызстандык мигранттардын пенсиясы ЕАӨБ аркылуу которулмакчы