Кочкордо бийиктиги 37 метрден жогору флагшток орнотулду. Сүрөт

Флагштокту тургузуу демилгесин 2021-жылы Кочкор районунун жаштары көтөрүп чыкканы айтылды.
Sputnik
НАРЫН, 24-янв. — Sputnik. Нарын облусунун Кочкор районунда Кыргызстандын туусу 37,5 метр бийиктикке орнотулду. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Нарын облусунун Кочкор районунда Кыргызстандын туусу 37,5 метр бийиктикке орнотулду
Маалым болгондой, 23-январь күнү Кочкордун кире беришинде Кыргызстандын мамлекеттик туусун орнотуу аземи өттү. Ага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана жаштар катышкан.
Жалпы бийиктиги 37,5 метр, тумбасы 6,5 метр, стеланын узундугу 31 метр экенин айтышты. Ал эми желектин өзүнүн узуну — 15, туурасы — 10 метр.
Флагштокту тургузуу демилгесин 2021-жылы Кочкор районунун жаштары көтөргөн
Белгилей кетсек, флагштокту тургузуу демилгесин 2021-жылы Кочкор районунун жаштары көтөргөн. Ага жеке ишкер, "Кочкор биримдиги" коомдук бирикмесинин төрагасы Нурбек уулу Ормон демөөрчүлүк кылган. Уюштуруучулар бул демилгени ишке ашырууга жалпысынан 4 миллион сом жумшалгандыгын айтышты.
Кыргызстандын туусу тууралуу тест: куйкумдуу 10 суроо