Тавашаров "Электр станциялары" коомуна жетекчи болду. Ал тууралуу эмне белгилүү

Жаңы жетекчи эмгек жолун 1999-жылы Токтогул ГЭСинде электрослесарь болуп баштагандыгы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. "Электр станциялары" коомунун жетекчиси алмашып, Таалайбек Бектеновдун ордуна Эркин Тавашаров дайындалды. Бул тууралуу аталган ишкананын маалымат кызматынан кабарлады.
Бектенов башкы директорлук кызматта бир жылга чукул, тагыраагы, 2021-жылдын февралынан тарта иштеп келе жаткан.
Эркин Тавашаровдун техникалык жогорку билимдүү экени айтылды: Жалал-Абаддагы инженердик факультетти аяктаган, Брно (Чехия) техникалык университетинин бүтүрүүчүсү, малайзиялык университеттердин биринен (UTM) билим алган деп билдирди.
Эмгек жолун 1999-жылы Токтогул ГЭСинде электрослесарь болуп баштаган. Азыркы жетекчилик орунга чейин Энергетика жана өнөр жай министрлигине караштуу Энергетикалык, кен көзөмөлү жана өнөр жай коопсуздугу боюнча мамлекеттик инспекциянын директору болуп иштеген.
Эске салсак, "Электр станциялары" Кыргызстандагы электр кубатынын 98 пайызын өндүрөт.
Депутаттар Улукбек Мариповдун Сауд Аравияга элчи болушун колдоду
Парламент Идрис Кадыркуловдун талапкерлигин элчи кызматына жактырбай койду