БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Эдуард Кубатов Альпинизм жана аскага чыгуу федерациясынын президенти болуп шайланды. Маалыматты Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине өзү тастыктады.
Анын айтымында, 13-19-январь күндөрү федерациянын конгресси өтүп, команда жаңыланган. Анда спорттук уюмдун мүчөлөрү бир добуштан Кубатовду шайлашкан.
"Алдыда чоң жоопкерчилик турат. Спорттун бул түрүндө көптөгөн иштерди жасап, популярдуулугун арттырышыбыз керек", — деп билдирди альпинист.
Кыргызстандын Альпинизм жана аскага чыгуу федерациясын буга чейин 28 жыл Леван Алибегашвили башкарган.
Кубатов 2021-жылы 23-май күнү Эверест чокусун багындырган. Ал Жердин эң бийик чокусун багындырган экинчи кыргызстандык, биринчи болуп 1997-жылы Дмитрий Греков чыккан.