БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. COVID-19 пандемиясы 2022-жылы соңуна чыгышы мүмкүн. Бул үчүн комплекстүү чаралар көрүлүшү керек. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) генералдык директору Тедрос Адханом Гебрейесус билдиргенин РИА Новости жазды.
"Дүйнө мамлекеттери бардык стратегияларды колдонсо пандемиянын оор фазасын быйыл жыйынтыктаса болот. Биз COVID-19 илдетин саламаттык сактоо тармагындагы өзгөчө кырдаал катары карабай калышыбыз мүмкүн", — деди ал.
Анын айтымында, COVID-19 илдети пандемия катары каралбашы үчүн өлкө калкынын 70 пайызын эмдөөдөн өткөрүү керек. Ошондой эле адам өлүмүн азайтуу үчүн дарылоонун эффективдүү жолун киргизип, диагностиканы, кычкылтекти жана вируска каршы препараттарды медициналык жайларда жеткиликтүү кылуу зарыл.
"Вирустун жаңы варианттарынын пайда болушуна көз салып, мониторинг жүргүзүп туруу кажет", — деген адис.
ДССУ жетекчиси бул пандемиядан сабак алып, мындай өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу үчүн жаңы чечимдерди кабыл алуу керектигин кошумчалаган.