Көчкү басып калган эки киши. Чаткалда болгон каргаша видеого түшүп калган

Кырсык 21-январда Кара-Буура — Чаткал жолунда карды атайылап түшүрүү иштери жүрүп жаткан учурда болгон.
Sputnik
БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Жалал-Абад облусунун Чаткал өрөөнүндө эки кишини кар көчкү басып калган учур видеого түшүп калганы маалым болду.
Окуя 21-январда Кара-Буура — Чаткал жолунда карды атайылап түшүрүү иштери жүрүп жаткан учурда болгон.
Видеодон тоонун боорунда эки кишинин жүргөнүн, андан соң аларды көчкү басып калганын көрүүгө болот.
ӨКМдин ошол учурдагы берген маалыматына караганда, Кара-Буура — Чаткал жолунда "Вертекс Голд Компани" ишканасынын кызматкерлери карды атайылап түшүрүү иштерин жүргүзүп жаткан. Көчкү эки кызматкерди басып калган. Алардын биринин сөөгү саат 17:30дарда, экинчисиники 19:15тер чамасында табылган.
Издөө иштерине ӨКМден беш куткаруучу, ал эми аталган компаниядан тартылган жүзгө чукул киши катышкан.
Ачык маалыматтарда аталган компаниянын түстүү металл казуу менен алектенери жазылган.
Машина жүрбөйт. Дагестанда кош бойлуу аялды эл кыялап көтөрүп түшкөн видео
"Кумтөрдө" 200 кыргызстандык адистин маянасын 18 чет элдик алып турган