"Тазалыкка" көчө шыпыргыч үч машина берилди. Сүрөт

Мэрия айдоочуларды жолдо ылдамдык режимин сактоого, "Тазалыктын" кызматкерлери иштеп жаткан аймактан кылдат өтүүгө чакырды.
Sputnik
БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Бишкек мэриясы көчө шыпыргычтардын коопсуздугу үчүн шаардын борбордук көчөлөрүн тазалоого багытталган атайын техника сатып алды. Бул тууралуу муниципалитет билдирди.
1 / 2

Бишкек мэриясы көчө шыпыргычтардын коопсуздугу үчүн шаардын борбордук көчөлөрүн тазалоого багытталган атайын техника сатып алды

2 / 2

Бүгүн, 24-январда, "Тазалык" муниципалдык ишканасына MEP ECOVAC үлгүсүндөгү көчө шыпыруучу үч машина берилди

Бүгүн, 24-январда, "Тазалык" муниципалдык ишканасына MEP ECOVAC үлгүсүндөгү көчө шыпыруучу үч машина берилди. Техниканы сатып алууга Кыргызстандагы банктардын бири демөөрчү болгон.
"Долбоор сыноо этабынан өткөн соң Бишкек мэриясы мындай механикалык жардамчыларды массалык түрдө сатып ала баштайт", — деп айтылат маалыматта.
Мэрия автоунаа айдоочуларын жолдо ылдамдык режимин сактоого, "Тазалыктын" кызматкерлери иштеп жаткан аймактан кылдат өтүүгө чакырды.
Белгилей кетсек, узаган жылдын 12-декабрында 47 жаштагы киши, андан алты күн өткөндөн кийин 61 жаштагы жумушчу көчө шыпырып иштеп жүргөн жеринен набыт болгон. Ал эми 4-январда "Тазалыктын" дагы бир 35 жаштагы кызматкери көз жумган. Үчөөнү тең автоунаа коюп кеткен.
Коопсуздук үчүн. "Тазалык" жол тазалоочу атайын техника алууга камынууда