SIM-картаны канча жылда бир алмаштыруу керектиги айтылды

SIM-карта өз ишин жакшы аткара албай калганда андагы маалыматтар жок болуп кетиши мүмкүн же байланыш начарлайт.
Sputnik
БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Смартфондун SIM-картасын 4-5 жылда бир алмаштыруу керек. Бул тууралуу Sputnik радиосунун эфиринде телекоммуникация боюнча адис Григорий Лысенко айтып берди.
"Негизи бир SIM-карта 10-15 жылга чейин иштейт. Бирок ага маалымат канчалык көп сакталып, мурдагылары өчүрүлгөн сайын эскире берет. Иштөө жөндөмү азаят. Ал эми SIM-карта өз ишин жакшы аткара албай калганда андагы маалыматтар жок болуп кетиши мүмкүн же байланыш начарлайт. Ошол себептүү 4-5 жылда алмаштырып туруу сунушталат", — деди Лысенко.
Ошондой эле адис SIM-карта эскирип бара жатканда кандай белгилер болорун түшүндүрдү. Анын айтымында, карта жарактан чыгып бара жатканда байланыштын сапаты төмөндөп, "абонент тармактан тышкары" деген жазуу көрсөтүлө берет.
Эксперт мобилдик тиркеменин смартфондогу кооптуулугун айтты