2022-жылы автоунаалар арзандайбы? Адистин пикири

Пандемия башталгандан бери дүйнөдө автоунаалардын баасы жогорулаган. 2021-жылдын соңунда Кыргызстанда колдонулган эски автоунаалардын баасы 1 500-2 000 долларга чейин өстү.
Sputnik
БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. 2022-жылы дүйнөлүк рынокто автоунаага болгон баа өсүүсүн токтотушу мүмкүн. Бул тууралуу Sputnik радиосунун эфиринде автоунаа рыногу боюнча адис Вячеслав Субботин айтып берди.
Анын пикиринде, COVID пандемиясы учурунда автоунаалардын кымбаттап кетишине жаңы машиналардын мурдагыдай өндүрүлбөй калышы себеп болду. Ал эми өндүрүштүн басаңдап калышын автоунааларга пайдаланылчу микрочиптердин жетиштүү көлөмдө жасалбай калганы шарттаган.
"Микрочиптерди жасаган заводдор негизинен Кытайда. Эми Кыйтадан көз каранды болбош үчүн Европа менен АКШда мындай заводдор курула баштаганы айтылууда. Демек, автоунаалар мурдагыдай көлөмдө чыгарылып тартыштык болбой калат", — деди Субботин.
Ошондой эле адис рыноктогу баанын өсүү тенденциясы тууралуу түшүндүрүп берди.
"Адатта баа тездикте өсүп отуруп жогорку чегине жетет дагы, ошол бойдон бир канча убакытка кармалып турат. 2022-жыл дал ошондой учур болушу мүмкүн. Качан гана жаңы автоунаалар чыга баштаганда баалар бат эле төмөндөп кетет", — деди ал.
Эске салсак, пандемия башталгандан бери дүйнөдө автоунаалардын баасы жогорулаган. 2021-жылдын соңунда Кыргызстанда колдонулган эски автоунаалардын баасы 1 500-2 000 долларга чейин өстү.
Кыргызстанга кайсы жактардан автоунаа алып келинет. 11 айдын жыйынтыгы