Жаңы Зеландиянын өкмөт башчысы пандемиядан улам үлпөт тоюнан баш тартты

Премьер-министр коронавирус пандемиясынан жабыркаган миңдеген кишиден айырмасы жок экенин айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Жаңы Зеландиянын премьер-министри Жасинда Ардерн маалымат жыйында өлкөдө коронавирустун жаңы штаммына карата киргизилген чектөөлөргө байланыштуу үлпөт тоюнан баш тартканын билдирди. Бул тууралуу РИА Новости New Zealand Herald басылмасына шилтеме берип жазды.
Жаңы Зеландия "омикрон" штаммына байланыштуу дүйшөмбүгө караган түнү ооруга каршы чара көрүүнүн "кызыл" деңгээлине өтүүгө камынууда. Ардерн билдиргендей, туулган күн жана үлпөт той деген сыяктуу салтанаттарга 100дөн ашык киши келе албайт. Ал эми эмдөөдөн өткөн сертификаты жоктор 25 адамдын катышуусунда майрам өткөрө алат.
"Өзүмдүн үлпөт тоюм болбойт. Пандемиядан жабыркаган миңдеген кишиден айырмам жок деп эсептейм", — деген Жаңы Зеландиянын өкмөт башчысы.
Бул өлкөдө коронавирус инфекциясын 15 миңден ашуун киши жуктурган.
Борбор Азия мартта кандай күнгө кабылат. ДССУнун COVID боюнча кооптуу божомолу