Оор салмактын падышасы Нганну кыл чайнашта наамын сактап калды. UFC видеосу

UFC уюмунун оор салмактагы чемпиону, камерундук Френсис Нганну франциялык Сирил Ганды калыстардын чечими менен утту.
Sputnik
UFC уюму жекшембиге караган түнү Калифорнияда өткөн UFC 270 турниринин эң кызыктуу ирмемдерин топтоду.
Турнирдин башкы беттешинде шоу уюштурган Нганну былтыр оор салмактагы мушкерлердин падышасына айланган. Ал америкалык чемпион Стип Миочичти нокаутка кетирип, наамын тартып алган. Бул жолу бел курун алгач ирет коргоду. Спорт сүйүүчүлөрү кубаттуу соккулары менен өзгөчөлөнгөн мушкер партерде дагы мыкты иштеп калганына кубанышкан.
Буга чейин Абсолюттук мушкерлер уюмунун (UFC) президенти Дана Уайт 2022-жылы Сирил Ган менен Фрэнсис Нганнунун беттешин аябай күтүп жактанын айткан.
Видеотоптомдон башка да мушкерлердин кармашын көрө аласыз.