Кадрлар Исла-Мартильо аймагындагы Бигл куймасында тартылган.
"National Geographic Россия" сайтынын маалыматына караганда, Жапайы жаратылышты коргоо боюнча коом (WCS) аталган жаныбарларды сактап калуу үчүн 20 жылдан бери бул жерде ишин жүргүзүп келет.
Изилдөө үчүн ага атайын камера тагылып, андан соң сууга коё берилген. Пингвин бир топ тереңдикте "жасаган селфиси" менен кандай тамактанарын, кандай ыкчам экендигин, дегеле жер үстүндөгүлөргө анча белгилүү боло бербеген кадрларды көрсөтүп берген.
Анын топтошуп жүргөн сардина балыктардын тобун жарып өтүп, тумшугуна туш келгендерди аёосуз жем кылып, тиштеп, жутуп кетип бара жаткандыгына күбө болобуз.
Ал арада күн нуру алыстан түшкөн суудан чумкуп кирип, кайра чыгып жаткан бакландар менен альбатростор да байкалган.
Окумуштуулар адатта субантарктикалык пингвиндер жемин деңиздин бир топ терең жеринен, түбүнөн издээрин, бирок бул видео жолунан кез келген олжосунан баш тартпай, жутуп кете берерин көрсөтүп бергенин белгилешкен.
Папуан пингвиндери саатына 36 чакырым ылдамдык менен сүзгөндүктөн, суу алдында жүргөн эң шамдагай жаныбар катары эсептелет. Ал эми түшкөн тереңдигин эсептей келгенде болжол менен 200 метрге чейин жетет.
Тема боюнча: