Ошто бурганактаган кар жаап, ашуудагы жолдор тазаланууда. Видео, сүрөт

Ош облустук Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн жол көзөмөлдөө тобунун кызматкерлери Бишкек — Ош, Ош — Сары-Таш — Эркеч-Там жана Ош —Исфана жолдорунда иштөөдө.
Sputnik
БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Аба ырайы кескин бузулуп, кар жаап салганына байланыштуу Ош облусундагы эл аралык маанидеги автожолдор тазаланып жатат. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маалыматка караганда, Ош облустук Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн жол көзөмөлдөө тобунун кызматкерлери Бишкек — Ош, Ош — Сары-Таш — Эркеч-Там жана Ош —Исфана жолдорунда иштеп жатышат.
1 / 3

Аба ырайы кескин бузулуп, кар жаап салганына байланыштуу Ош облусундагы эл аралык маанидеги автожолдор тазаланып жатат

2 / 3

Ош облустук Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн жол көзөмөлдөө тобунун кызматкерлери Бишкек — Ош, Ош — Сары-Таш — Эркеч-Там жана Ош —Исфана жолдорунда иштеп жатышат

3 / 3

Учурда облус аймагындагы бардык каттамдар үчүн унаа жолдор ачык.

"Аба ырайы кескин өзгөрүп, кар жаап, жолдор тайгак болуп жаткандыгына байланыштуу жол тейлөө ишканаларынан 45 кызматкер жана 18 техника тартылды. Алар Чыйырчык, Талдык жана Ноокат ашууларында тазалоо иштерин күнү-түнү жүргүзмөкчү", — деп айтылат билдирүүдө.
Учурда облус аймагындагы бардык каттамдар үчүн унаа жолдор ачык. Бирок Ош облустук Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо бөлүмү айдоочулардан 500 метр аралыкты жана коопсуздуктун бардык эрежелерин сактоосун суранат.
Суук болобу? Бир жумага карата аба ырайы