COVID үч адамдын өмүрүн алып, 787 адамдан табылды. Соңку маалымат

Ооруканадагы дарыгер. Архив
Вирустан каза болгондор Бишкек шаарынан, Талас жана Баткен облустарынан катталды. Алар коронавируска каршы вакцина алышкан эмес.
Sputnik
БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Кыргызстанда акыркы суткада коронавирус инфекциясын 787 киши жуктурду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.
Ооругандар:
Бишкек — 512;
Ош шаары — 5;
Чүй — 154;
Ош — 9;
Талас — 11;
Нарын — 5;
Ысык-Көл — 20;
Жалал-Абад — 42;
Баткен — 29.
Пандемиядан бери 195 394 кишиден COVID-19 тастыкталган.
Тилекке каршы, вирус жуктурган үч киши көз жумду. Алар Бишкек шаарынан, Талас жана Баткен облустарынан катталды. Коронавируска каршы вакцина алышкан эмес. Пандемиядан бери 2 849 адам каза тапты.
Бир сутка ичинде 486 бейтап ооруну жеңип, жалпы сакайгандар 182 928 болду.
Бүгүнкү күндө республика боюнча стационардык дарыланууда жалпы 1 162, ал эми амбулатордук дарыланууда 6959 бейтап бар. Ооруканада жаткан бейтаптын экөө канааттандырарлык, 701и орточо, 399у оор жана 60ы өтө оор абалда.
Республикалык иммундук профилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова
Радио
Ишенапысова: 16-17 жаштагы 10 миңге жакын бала коронавируска каршы эмделди