Радио

Асыпбеков: Кыргызстандын фитосанитардык сертификаты 70тей өлкөдө таанылат

Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин директорунун орун басары Марат Асыпбеков фитосанитардык сертификат карантиндик зыяндуу организмдердин катталбагандыгын аныктай турганын айтты.
Sputnik
Өткөн жылдын жыйынтыгы менен  54 382 фитосанитардыксертификат, өлкөгө импорттолгон продукцияга 37 718 фитосанитардык контролдоо актысы түзүлгөн. Бул тууралуу Марат Асыпбеков Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, карантинге алынган продукцияларды текшерүүдөн өткөрүү үчүн республика аймагында беш лаборатория иш алып барат.
"Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти өсүмдүктөр карантини жаатындагы ыйгарым укуктуу орган катары иш алып барат. Тилекке каршы, бул багытта өлкө аймагында бирден өкүлдөрүбүз болгону менен ишти толук кандуу аткаруу үчүн адистер жетишпейт. Биздин өлкөгө импорттолгон же реэкспорт болгон айыл чарба продукциялары фитосанитардык сертификат менен коштолуп, карантиндик зыяндуу организмдердин катталбагандыгын аныктайт. Кыргызстан берген фитосанитардык сертификат 70тен ашык өлкөдө таанылат. Алсак, былтыр жылдын жыйынтыгы менен 54 382 фитосанитардык сертификат, өлкөгө импорттолгон продукцияга 37 718 фитосанитардык контролдоо актысы түзүлгөн",— деди Асыпбеков.
Ошондой эле адис өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жаатында 179 миң гектар аянтты камтыган жерди көзөмөлдөө, изилдөө жана текшерүү үчүн атайын адистердин жетишсиздиги чоң көйгөйлөрдүн бири экенин белгиледи.