Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

24-январга караган түнү Чүй, Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым райондорунда кар жаашы ыктымал. Жолдор тоңуп, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. 24-январда күндүз Нарын, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда кар жаайт. Республиканын калган аймактарында жаан-чачын болбойт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө жана Ысык-Көл чөлкөмүндө 0...+5, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +2...+7, Талас жергесинде -2...+3, ал эми Нарын аймагында -5...-10 градус суук болору айтылды.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкек шаарында +3...+5 жана Ош калаасында +2...+4 градуска жетет.
Суук болобу? Бир жумага карата аба ырайы