БШК Бишкектин эки шайлоо округунан 16 талапкерди каттады. Тизме

БШКга буга чейин Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоого катышуу үчүн 48 талапкерден билдирме түшкөн.
Sputnik
БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы Бишкектин Биринчи май жана Свердлов бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча ЖК депутаттарын кайра шайлоого 16 талапкерди каттады. Маалымат БШКнын сайтына жарыяланды.
Белгилей кетсек, 28-ноябрдагы парламенттик шайлоодо Свердлов жана Биринчи май шайлоо округдарында "баарына каршы" графасы талапкерлердин алган добушунан ашып кеткендиктен шайлоо өтпөй калды деп таанылган.
Мындан улам 27-февралда бул эки райондо кайра шайлоо болот.
БШК буга чейин Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоого катышуу жөнүндө 48 талапкерден билдирме түшкөнүн билдирген. Натыйжада 16 киши катталган.
№ 27 Биринчи май шайлоо округу:
Капаров Чынгыз Капарович;
Мамбетсадыков Азамат Нурбекович;
Кермалиев Таалайбек Женишович;
Сурабалдиева Эльвира Жыргалбековна;
Бакиров Бакыт Жээнтайович.
№ 29 Свердлов шайлоо округу:
Жолдошова Назгуль Амантуровна;
Мотуев Нурдин Аманканович;
Алканова Элнура Сайдиракмановна;
Болотбеков Бакытбек Болотбекович;
Маматкулов Нурланбек Жолошович;
Алмамбетова Гуля Идиновна;
Муртазалиев Абдурахманхаджи Шамильевич;
Аспек уулу Азамат;
Саадабаев Бакыт Муратбекович;
Бакиров Бакыт Жеентайович;
Токтакунов Нурбек Акбарович;
Тургунбаев Улукбек Абдивалиевич.
Талапкерлерди каттоо мөөнөтү 6-февралда аяктайт. Андан кийин шайлоо алдындагы үгүт иштерине 20 күн берилет.
Кыргызстанда 2022-жылы кайсы шайлоолор өтөт