Журналист Болот Темиров бошотулду

Бүгүн шектүүнүн баш коргоо чарасы каралды.
Sputnik
БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Журналист Болот Темиров эч жакка кетпөө тууралуу тил каттын негизинде бошотулганын Бишкек шаардык ички иштер бөлүмүнөн кабарлашты.
Милициядан анын кармалышы жана кандай айып коюлуп жаткандыгы боюнча кененирээк маалымат айтылды.
Билдирүүгө караганда, КР Жазык кодексинин 283 ("Башкага берүү максатын көздөбөстөн баңгизат каражаттарын мыйзамсыз даярдоо") жана 287-беренелерине ("Баңгизат каражаттарын жана психотроптук заттарды колдонууга жакын") ылайык кылмыш иши козголгон.
Шаардык милициядан кабарлашкандай, Бишкек ШИИБине А.А. аттуу киши кайрылып, Болот деген жаран өзүнүн достору менен аны баңгизат колдонууга үндөп жатканын айткан. Ал эки даректи атаган.
Ошол эле күнү милиция арыздануучу көрсөткөн биринчи дарек менен барып, журналист Болот Темировдун кеңсесин тинтүүгө алган.
"Болот Темиров аттуу жарандын жанынан 7,77 грамм нашаа табылган. Ошол эле күнү Турусбеков жана Жумабек көчөлөрүнүн кесилишинде Болотбек Назаров аттуу жаран кармалган. Анын жанында 8,69 грамм нашаа бар экени аныкталды. Мындан улам экөө тең кармалган", — деп айтылат милициянын билдирүүсүндө.
Бүгүн шектүү Болот Темровдун баш коргоо чарасы каралып, ал эч жакка кетпөө тууралуу тил каттын негизинде бошотулду.
Кечээ, 22-январда, Бишкекте иликтөөчү журналист Болот Темировдун кеңсесине милиция кызматкерлери келип кармап кеткени айтылган.
Камчыбек Ташиев журналист Болот Темировдун кармалышы боюнча маалымат берди