Баланын "омикрон" жуктуруп алганынын 7 белгиси тизмектелди

Адис вакцина сайдырган дагы, албаган дагы балдарда бирдей кездеше турчу жети белги тууралуу айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Балдар "омикрон" штаммын жуктурганда өтө деле оор формада оорубайт, бирок инфекцияны бир нече симптомдон билсе болот. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Лондондук профессор Эмма Дунканын айтымында, окумуштуулар сегиз жаштан 12 жашка чейинки балдар арасындагы "омикрон" штаммынын жүздөгөн учурларын талдап чыгышкан.
Болжолдуу маалыматтар боюнча, жети симптом көп тароодо: чарчоо, баш оору, тамак оору, мурун бүтүү, чүчкүрүү, дене табынын жогорулашы жана жөтөл. Дункан эмделген жана эмделбеген балдарда оорунун жүрүшүндө окшоштуктар байкалганын айткан.
Башка адистер балдарда ич өтүп, исиркектер болорун да белгилеген. Мындан тышкары, кээ бирлеринин дем алуу органдары жабыркап, катуу жөтөлөрүн кошумчалашкан.
Инфекционист коронавирус пандемиясы жайында бүтөрүн божомолдоду